Тарыхый булактарда белгиленгендей, жазалоонун түрлөрү жана алардын аткарылышы жоопкердин күнөөлүүлүгүнүн даражасынан жана жасаган кылмышынын оордугунан көз каранды болгон.Айыпталуучунун күнөөлүү же күнөөлү эместигин аныктоо үчүн далилдер жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнөн тышкары актоочу же айыптоочу анттарды берүү кеңири тараган. Кылмыш боюнча тергөө иштеринден жетишерлик далил табылбаган учурларда гана “ант берүү” жараянын колдонушкан. “Жеңил кылмыштарды кароодо айыптоо же актоо үчүн далил табылбаса, доогерге же жоопкерге ант берүүнү сунушташат”- деп белгилеген Г.Загряжский [5]